Казакстан
менен Монголиянын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыгында оң динамика
байкалууда. Мурда эки өлкөнүн ортосундагы жылдык товар жүгүртүү 124 миллион
долларды түзсө, 2025-жылдын жарым жылында эле 74 миллионго жетти. Бул өз ара
келишимдердин өсүп жатканын көрсөтүп турат. Мында Казакстандын Монголияга
экспорту 71 миллион долларды түздү. Негизги жеткирүүлөр кайра иштетилген жана
айыл чарба товарлары болуп саналат. Бул маалыматтар Казакстан-Монголия ишкердик
кеңешинин экинчи жыйынында айтылды. Казакстан
тараптан иш-чарага 50гө жакын компаниянын өкүлдөрү катышты. Монголиядан бир аз
азыраак уюмдар келди. Серепчилердин айтымында,
металлургия, логистика жана туризм тармактарында кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү
бар. Жыйындын жыйынтыгында тараптар үч меморандумга кол коюшту.
Мурат
Каримсаков, Казакстандын
тышкы соода палатасы башкармалыгынын төрагасы:
- Жаңы
багыттар боюнча бул айыл чарба агро өнөржай комплекси тармагындагы
кызматташтыкка да тиешелүү, бул айыл чарба өнүмдөрүн кайра иштетүү, бул жашыл
энергетика. Туризмди өнүктүрүүгө абдан чоң кызыгуу бар. Бул Казакстанга да,
Монголияга да кызык. Ошондой
эле, IT-соода жана санариптештирүү сыяктуу тармактар да
бар.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

