Казакстан 626,5 млн долларга кайра иштетилген продукцияны экспорттоду

Үстүбүздөгү жылдын алгачкы үч айында Казакстан 620 миллион доллардан ашык кайра иштетилген айыл чарба продукциясын чет өлкөгө экспорттоду. Айыл чарба министрлигинин маалыматы боюнча, биздин өлкө ун экспорттоо боюнча дүйнөлүк лидерлердин бири. 2022-2023-жылдары өлкөнүн чегинен тышкары 2 миллион тоннадан ашык ташылган. Тармактык ведомстводон белгилешкендей, азыр терең иштетилген дан азыктарына басым жасалууда. Бул макарон, ун, кондитердик азыктар жана крахмал заттарын өндүрүү. Бүгүн Астанада, Костанай жана Түркестан облустарында үч долбоор ишке ашырыла баштады. Жалпысынан 2026-жылга чейин Казакстанда мындай 13 объекттин ишке кириши күтүлүүдө. Ал эми 2028-жылга чейин агроөнөр жай комплексинин продукциясын кайра иштетүү үлүшү 70% га чейин жеткирилет.

Айдарбек Сапаров, Казакстан Республикасынын Айыл чарба министри:

-Комплекстүү пландын алкагында жалпы суммасы 176,2 млрд. теңге болгон 58 долбоорду ишке ашыруу пландалууда. Жалпы комплекстүү планды ишке ашыруу тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүүгө жакшы түрткү берет. Кайра иштетилген продукцияны дүң өндүрүүнү 1,4 эсеге көбөйтүүгө мүмкүндүк берет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков