Казакстан менен Кытай Транкайпий маршрутун өнүктүрүүдө

Казакстан менен Кытай Транкайпий маршрутун өнүктүрүүдө

Казакстан менен Кытай темир жол ташуулары, логистика жана процесстерди санариптештирүү жаатында кызматташтыкты кеңейтет. Бул тууралуу тараптар Пекинде өткөн Эл аралык темир жолдор союзунун XII Конгрессинин алкагында макулдашышты. Биздин өлкө жана Кытай өз ниетин келишим менен бекитишти. Өнөктөштүктүн негизги багыты Транскаспий эл аралык транспорттук маршрутун өнүктүрүү болуп калат.

Нурсултан Ибраев, «КТЖ» УК PR-МЕНЕДЖЕРИ:

- Тараптар Кытай менен транспорттук-логистикалык байланышты чыңдоо «Кытай – Европа» багыты боюнча ташуулардын өнүгүшүнө жаңы дем берип, ТЭТМнын жагымдуулугун арттырат деп ишенишет. Бул Казакстандын Евразия мейкиндигиндеги эң маанилүү транзиттик хаб катары стратегиялык ролун күчөтөт.

Которгон: Назира Бегалиева