Аэрокосмос тармагындагы стартаптарды өнүктүрүүгө басым жасалат

Аэрокосмос тармагындагы стартаптарды өнүктүрүүгө басым жасалат

Казакстанда аэрокосмостук өнөр жай тармагындагы стартаптарды өнүктүрүүгө басым жасалат. “Astana Hub” эл аралык технопаркы менен биринчи ата мекендик жеке космостук компаниянын ортосунда келишимге кол коюлду. Меморандумдун алкагында тараптар казакстандык жана чет элдик IT-компаниялардын дараметин жана бул багыттагы стартаптарды өнүктүрүү максатында биргелешкен чараларды ишке ашырышат. Акыркы убакта инвесторлордун аэрокосмостук тармактагы долбоорлорго инвестиция салууга умтулуусу күчөгөнүн адистер белгилешет.

Асем Төлеген кызы, ASTANА HUB корпоративдик инновациялар жана санариптик компетенция кеңсесинин башкы менеджери:

- Бул Hardware - технологияларды өнүктүрүү дегенди билдирет. Мындан тышкары, аталган стартаптар жаңы өнүмдөрдү иштеп чыгуу үчүн космос тармагынын ресурстарын колдоно алышат. Биринчиден, биз медиа жана пиар инструменттери аркылуу алдыга жылдыруу жагын колго алабыз. Казакстанда бул багытта стартап долбоорлорду өнүктүрүүнү кубаттайбыз. Космос тармагындагы ата мекендик жана эл аралык адистерди тартуу планда бар.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков