Казакстандын мамлекеттик бюджетинин 80%ы туруктуу өнүгүү максаттары менен шайкеш келет

Казакстандын мамлекеттик бюджетинин 80%ы туруктуу өнүгүү максаттары менен шайкеш келет

Казакстандын мамлекеттик бюджетинин 80%дан ашыгы Туруктуу өнүгүү максаттары менен айкалышкан. Шаарларда да, айылдарда да инфраструктурага, жолдорго, калктын социалдык кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүүлүгүнө көңүл бурулат. Бул тууралуу Сенатта туруктуу өнүктүрүү чөйрөсүндөгү улуттук максаттарды жана милдеттерди ишке ашырууну көзөмөлдөө боюнча парламенттик комиссиянын жыйынында талкууланды. Моно-шаарларды жаңылоого өзгөчө көңүл бурулду. Бүгүнкү күндө өлкөдө алардын 20сы бар. Алардын өнөржай өндүрүшүнүн көлөмү жалпы ички өнүмдүн үчтөн биринен ашыгын түзөт. Жолугушуунун катышуучулары долбоорлорду ишке ашыруу боюнча, анын ичинде энергетика, суу менен камсыздоо, транспорт жана санариптик коммуникациялар боюнча пикир жана сунуштар менен алмашышты. Алардын айтымында, мамлекет башчынын тапшырмасынын алкагында жашаган жерине карабастан бардык казакстандыктарга ыңгайлуу шарттарды түзүү иштери жүрүп жатат. 2029-жылга чейин улуттук инфраструктуралык планды ишке ашырууга жана негизги тармактарга инвестиция тартууга көңүл бурулууда.

Ольга Булавкина, Парламент Сенатынын депутаты:

- Казакстан бүгүнкү күндө туруктуу өнүгүү максаттарды киргизүү боюнча Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен алдыңкы орунда турат. Биз белгилүү сунуштамаларды даярдайбыз, бүгүнкү күндө айтылып жаткан сунуштар мамлекеттик программаларга, мыйзам базасына кириши үчүн белгилүү бир мыйзамдардын үстүнөн иштей баштайбыз, алар бүгүнкү күндө аймактарга жайылтылышы керек. Ошондуктан, биз бул теманы көз жаздымда калтырбайбыз, күзүндө бул маселеге дагы бир жолу кайрылабыз, анткени ар бир туруктуу өнүгүү максаттары өзүнөн өзү пайда болбосун түшүнүү керек.

Которгон: Илгиз Жамалбеков