Германия компаниясы Казакстандагы литий өндүрүшүнө 700 миллион доллар инвестиция салууну көздөп жатат

Германия компаниясы Казакстандагы литий өндүрүшүнө 700 миллион доллар инвестиция салууну көздөп жатат

Немис фирмаларынын бири Казакстандагы литий өндүрүшүнө 700 миллион доллар инвестиция салат. Индустрия жана инфраструктураны өнүктүрүү министрлигинин маалымдашынча, чет элдик ишкерлер химиялык элементти өлкөдөгү эки шахтадан чыгарууну пландап жатышат. Бул тармакта жаңыдан кошулган немис компаниясынан тышкары Кытай Эл Республикасынын ишканалары да иштеп жатышат. Белгилей кетсек, Казакстандын чийки затына канадалык жана түштүк кореялык компаниялар да чоң кызыгуу көрсөтүүдө. Сейрек кездешүүчү металлдарды өнүктүрүү боюнча жаңы долбоорлор БУУнун стандарттарына ылайык ишке ашырылышы керек. Казакстан Уюм менен тиешелүү мүмкүнчүлүктү талкуулап жатат. Бул талаптар колдонуудагы ата мекендик стандарттарга жана тоо-кен долбоорлоруна кошумча колдонулат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков