Казакстандын кызыл китеби дагы бир сейрек кездешүүчү жаныбар менен толукталат

Казакстандын кызыл китеби дагы бир сейрек кездешүүчү жаныбар менен толукталат

Ата мекендик энтомолог адистеринин айтымында, бул Эмбия деп аталган жандык. Окумуштуулар Эмбия биздин планетада пайда болгон байыркы омурткасыздардын бири деп эсептешет. Изилдөөчүлөрдүн айтымында, бул курт-кумурскалар болжол менен 300 миллион жыл мурун пайда болгон. Мындан тышкары Зоология институту өлкөдө жашаган омурткасыз жаныбарлардын 100гө жакын түрүн чогултуп, атайын изилдөө жүргүзгөнү жатат.

Айдын Есжанов, Зоология институту, арахнология бөлүмүнүн башчысы:

- Ал - Эмбия. Динозаврлардан чоңураак курт-кумурскалар. Түштүктө табылган. Түркестан облустунда. Негизи дүйнөдө 400дөн ашык түрү бар. Казакстанда мындай жаныбар тизмеде жок болчу, изилденген эмес, бул тууралуу эч ким билчү эмес. Эми ал биз үчүн жаңылык.

Которгон: Илгиз Жамалбеков