2023-жылдын башынан бери 1,5 миңден ашык этникалык казак кандаш макамын алды

2023-жылдын башынан бери 1,5 миңден ашык этникалык казак кандаш макамын алды

Тарыхый мекенине кайткандардын жарымы Өзбекстандан. Мындан тышкары Казакстанга Кытай, Орусия, Түркмөнстан, Монголия жана башка өлкөлөрдөн келгендер бар. Алардын басымдуу бөлүгү Алматы, Мангыстау, Түркестан жана Жамбыл облустарында, ошондой эле Астана, Алматы, Шымкент шаарларында отурукташкан. Эмгекке жарамдуу туугандарынын билим деңгээлине токтолсок, 20%дан бир аз ашыгы жогорку билимдүү, 41%га жакыны орто кесиптик билими бар, 35%дан ашыгы жалпы орто билими болсо, 4%га жакыны билими жок. Жалпысынан 1991-жылдан бери өлкөгө 1 миллион 100 миңден ашык этникалык казактар ​​кайтып келишти.

Которгон: Илгиз Жамалбеков