Казакстандын кыздар командасы шахмат боюнча дүйнө чемпионатынын финалында ойноду

Алгач ирет шахматтан Казакстан кыздар курама командасы дүйнөлүк чемпионаттын күмүш медалынын ээси болду. Мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаев да социалдык тармактагы баракчасы аркылуу мекендештерибизди Казакстан үчүн тарыхый жетишкендик катары бааланган жеңиши менен куттуктады. Белгилей кетсек, ата мекендик үстөл оюнунун чеберлери финалда Грузиянын курама командасын жеңип алышкан. Ал эми биздин назик жандарыбызды  жеңе албаган француз шахматчылары коло медалга ээ болушту. Команданын курамында Бибисара Асаубаева, Ксения Балабаева, Асел Серикбай, Меруерт Камалиденова, Алуа Нурманова жана Амина Кайырбекова өнөрлөрүн көрсөтүштү. Ага чейин улуттук курама команда 2007-жылдан бери уюштурулуп келе жаткан дүйнөлүк мелдеште чейрек финалдан өткөн эмес. Белгилей кетсек, бул ирет дүйнөлүк сынак Польшанын Быдгощ шаарында өттү. Анда 12 команда күч сынашты.

Алуа Нурманова, Шахмат боюнча улуттук команданын мүчөсү:
-Командадагы кыздар менен абдан жакшы мамиледе болдук.  Дайыма бири-бирибизди колдоп, чогуу басып, сүйлөшүп жүрчүбүз. Айрыкча Бибисара менен Меруерттин колдоосу байкалды. Баарыбыз чогуу убакыт өткөрүп, тынымсыз даярданчубуз. Жарым финалда Франциянын оюнчулары менен жеңишке жетүү оңой болгон жок. Биринчи беттеште атаандаштарыбызды коё бергендиктен, экинчисинде топту жаруу үчүн тай-брейк алуу максатыбыз болгон. Андан соң блиц боюнча 4/0 эсебинде финалга чыктык.

Которгон: Илгиз Жамалбеков.