Казакстан чек арасында жүк ташуучуларга биометриялык жеке күбөлөндүрүү киргизилет

Казакстан чек арасында жүк ташуучуларга биометриялык жеке күбөлөндүрүү киргизилет

Мамлекеттик чек арада кезек күтүүнүн жасалма таңсыктыгына жана брондоо алып сатууга каршы күрөш уланууда. Жакында CarGoRuqsat кызматына биометрикалык жеке идентификация киргизиле турган болду. Бул тууралуу Мамлекеттик салык комитети билдирди. Система ташуучулар уруксат бербеген жана электрондук кезекте орундардын тартыштыгын жараткан ортомчулардын ишин кыскартат. Ал эми ташуучулар уруксат берген ортомчулар автотранспорт ээсинен санариптик «ишеним кат» ала алышат. Ошентип, ортомчулар институту кызматка катталып, ар бир колдонуучунун «санариптик издерин» жана анын тутумдагы аракеттерин көзөмөлдөөгө ошондой эле талдоого мүмкүндүк берет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков