Бул тууралуу өлкөнүн Каржы министрлигинин Мамлекеттик кирешелер комитети билдирди. Кытай менен чек арада эки өткөрүү пункту жайгашкан – алар Абай облусундагы Бахты жана чыгыштагы Майкапчагай. Калган экөө Мангыстау облусунда жайгашкан. Алар Темир-Баба жана Тажен өткөрмө бекеттери. Биринчиси Түркмөнстан менен, экинчиси Өзбекстан менен чектеш. Системада 7 жарым миңге жакын колдонуучу катталган, алардын 84 миңи кезекке туруу операциясын жасашкан. Белгилей кетсек, CarGoRuqsat кызматы өткөн жылдын жетинин айында Qoldau.kz санарип платформасында ишке киргизилген. Ал ташуучулар кезекке алдын ала жазыла алышы үчүн түзүлгөн жана кезекке туруу бардыгы үчүн ачык болгон. Жакынкы арада кызмат Face ID аркылуу, же чет өлкөлүк жарандар үчүн банк картасы аркылуу өздүгүн тактоо менен толукталат деп пландалууда.
Которгон: Илгиз Жамалбеков