Алматыда III Эл аралык «Илим жана бизнес» илимий-практикалык конференциясы өттү. Ага жүзгө жакын уюм катышты. Жыйындын жүрүшүндө катышуучулар идеядан конкреттүү өнүмгө кантип өтүү керектигин айтып беришти. Кошумчалай кетсек, акыркы жылдары көптөгөн илимпоздор бизнес тилинде сүйлөгөндү үйрөнүштү. Эми алар өздөрүнүн илимий ачылыштарын коомчулукка тартуулай алышат.
Арын Орсариев, «Илим фонду» АК төрагасы:
- Катализ, отун институту булгануунун алдын алуу үчүн мунай компанияларынын түтүктөрүнө фильтрлерди иштеп чыкты. Ал эми компаниялар эмиссия үчүн азыраак төлөй башташты. Анткени чыпкалардын эсебинен абага бөлүнүп чыккан уулуу заттар азаят. Бул айырманын жарымы Сокольский атындагы отун жана катализ институтуна туура келет. Алар быйыл 270 миллион киреше табышты.
Белгилей кетсек, беш жыл ичинде эле Казакстан илимий долбоорлорго 34 миллиард теңге инвестиция салган. Бул жаатта өлкөгө 45 миллиард кайтарылды. Кийинки кадам долбоорлорду кеңейтүү жана дүйнөлүк рынокко чыгуу.
Которгон: Илгиз Жамалбеков