Казакстандын аймактарында Балдардын укуктары боюнча өкүлчүлүк кызматтары пайда болот. Бул тууралуу өлкөнүн окуу-агартуу министрлиги билдирди. Өкмөттүн токтомуна ылайык, балдардын укуктарын коргоо боюнча өкүлчүлүктөр облустардын жана республикалык маанидеги шаарлардын акимдери тарабынан дайындалат. Алар баланын укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын бузуу жөнүндө арыздарды, жергиликтүү аткаруу органдарынын жана башка уюмдардын аракеттерине же аракетсиздигине байланыштуу даттанууларды карайт. Ошондой эле, балдарды коргоо жаатындагы көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган укуктук долбоорлорду иштеп чыгууга жана алдыга жылдырууга катышат.
«Балдардын укуктары боюнча аймактык өкүлдөрдү тандоонун негизги критерийлери болуп арыз ээсинин балдар менен иштөө, бейөкмөт уюмдарда же мамлекеттик кызматтарда иш тажрыйбасы, ошондой эле, дайындоо учурунда балдардын укуктарын коргоого кошкон салымы саналат. Булар балдардын укугун коргоо жаатында тажрыйбасы жана өз принциптери бар өлкө сыйлаган адамдар болушу керек», - деп маалымдайт окуу-агартуу министрлигинин балдардын укуктарын коргоо комитети төрагасынын орун басары Элина Паули.
Белгилей кетсек, балдардын укуктары боюнча өкүлдөр коомдук негизде иштешет. Азыркы учурда жети облуска өкүлчүлүктөр дайындалган.
Которгон: Илгиз Жамалбеков