Еврокомиссия энергетика боюнча жаңы чаралардын комплексин сунуштады

Еврокомиссия энергетика боюнча жаңы чаралардын комплексин сунуштады

Жарандардын жана ишканалардын жылуулукка жана жарыкка чыгымдарын кыскартууга кам көрүү. Еврокомиссия энергия ташуучулардын кымбат баасы менен күрөшүү үчүн чукул чаралардын дагы бир пакетин сунуштады. Ошондуктан Урсула фон дер Ляйен газ сатып алуу боюнча биргелешкен долбоор түзүлүшү керек дейт. Биринчи кезекте Брюссель күйүүчү майдын импортун арзандатууну көздөөдө. Евробиримдик өлкөлөрү баанын көтөрүлүшүнө жол бербөө үчүн бири-биринен кеминде 15% газ сатып алууга милдеттүү. Кошумчалай кетсек, Еврокомиссия «энергетикалык кызматташтык» деп аталган долбоорду түзүүнү сунуштаган. Ага ылайык, көгүлтүр отундун запасы көп өлкөлөр кышында тартыш болгон башка өлкөлөр менен бөлүшүшү керек. Буга чейин бул багытта каралган 40 келишимдин алтоо гана ишке ашкан. Бул идеялардын бардыгын Евробиримдиктин өлкөлөрү ушул аптанын аягында Брюсселде өтө турган жыйында талкуулоону пландаштырууда.

Урсула фон дер Ляйен, Еврокомиссиянын төрагасы:

Европада энергия булактарына болгон суроо-талап абдан жогору экенин биз жакшы билебиз. Ошондуктан, баалардын туруктуулугун камсыз кылуу жана баарыбызга тиешелүү көйгөйдү чечүү үчүн ЕБге мүчө мамлекеттер, биргелешкен сатып алуу жөндөмүбүздү сарамжалдуу пайдаланышыбыз керек. Бул үчүн биз Европа деңгээлинде энергияга болгон суроо-талапты интеграциялоонун мыйзамдуу жолдорун сунуштайбыз. Ошондой эле, биз европалык газ рыногунда баалардын өзгөрүшүнө жана ашыкча өсүшкө жол бербөө үчүн бир катар чукул чараларды көргүнүбүз жакшы.

Которгон: Илгиз Жамалбеков