Бул терапия казакстандык жана чет элдик туристтер арасында популярдуу. Республиканын курорттук аймагында этно-шаарча жана ден соолукту чыңдоочу борбору бар бугу өстүрүүчү чарба иштейт. Бул жерде 600 гектар токой аянтында 300гө жакын мүйүздүү жаныбарлар жашайт. Алар дайыма ветеринардык көзөмөлдө. Дарылоо борборунда бир нече жылдан бери кийик мүйүзүнөн дары-дармектер даярдалып, колдонулуп келет. Белгилей кетсек, пантотерапия жүрөк-кан тамыр ооруларын алдын алуунун, иммундук жана нерв системасын чыңдоонун алмашкыс табигый каражаты болуп саналат. Дарылоонун мындай түрүнө эч кандай каршы көрсөтмө жок.
Ерлан Даулетхан, дарыгер-реабилитолог:
- Биз бардык керектүү жерлерге бардык арыздарды жайгаштыруу үчүн бейтапты жаткырабыз. Бел омурткасы, моюн-желке зонасы, бардык муундар пантынын кайнатмаларынан даярдалган эритмелер менен оролот. Бирок бейтаптын соматикалык абалына жана анын тарыхына жараша, панты менен дарылоо дарыгердин көзөмөлү астында жүргүзүлүүгө тийиш. Анткени каршы көрсөтмөлөр бар.
Которгон: Илгиз Жамалбеков