Дүйнө азырынча пандемиядан арыла элек, бирок анын аякташына жакындап калды. Бул тууралуу Гамалея улуттук эпидемиология жана микробиология илимий борборунун башкы илимий кызматкери билдирди. Вирусолог Анатолий Альтштейндин айтымында, мындан ары COVID-19дун жаңы толкундары болбойт жана оору-сыркоо азаят. Деген менен пандемия аяктагандан кийин да оор жана өлүмгө алып келген учурлар толук жоюлбай турганын, болгону анын төмөндөй тургандыгын кошумчалады. Буга чейин эң коркунучтуу инфекциялар боюнча серепчилердин бири планеталык масштабдагы коронавирустук пандемия 2022-жылы аякташы мүмкүн деп болжолдогон.
Которгон: Илгиз Жамалбеков