Казакстандын айыл чарба тармагындагы ойлоп табуу. Кызылордалык окумуштуулар күрүч эгүүнүн жаңы ыкмасын ойлоп табышты. Ата мекендик технология боюнча жерди лазердик тегиздөөдөн кийин үрөн 1 см. тереңдикке себилип, пленка менен жабылып, урук түшкөн жер тешилет. Атайын жабуунун астындагы топурак тез ысып, нымдуулуктун сакталышына жана уруктардын тез бышып жетилишине таасирин тийгизет. Мына ушундай жол ыңгайлуу жана эффективдүү ыкма экени далилденген. Мындан тышкары, күрүчтү 15-25 күн сугарбай өстүрүү менен аш болумдуу заттарды 30%га чейин үнөмдөөгө болот.
Серикбай Өмирзаков, техника илиминин доктору:
Салыштырганда өнүм 14,7 центнерге көбөйөт. Ал эми суу маселеси 28-30 миң кубометрдин тегерегинде болсо, бизде 18-22 миң, башкача айтканда 8-10 миң куб суу гектарына туура келет. Мунун натыйжасында тоют бедесин биринчи жылы сугарбай туруп, 3 жолу тушум алууга мумкун болду. Бул абдан жакшы жетишкендик экенин билебиз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков