Актауда IT-индустрияны өнүктүрүү технопаркы ачылды

Актауда IT-индустрияны өнүктүрүү технопаркы ачылды

Актауда IT-индустрияны өнүктүрүү боюнча жаңы технопарк ачылды. Ал ишкерлерге, университеттердин жана колледждердин студенттерине, мектеп окуучуларына арналган. Бул жерде алар өз идеяларын гана эмес, стартап долбоорлорунун үстүндө да иштей алышат. 2 миң чарчы метр аянттагы технопаркта заманбап жабдуулар орнотулган. Мекемеде робототехника, санариптик өндүрүш, металл жана жыгач иштетүү боюнча устаканалар бар. Ал эми экинчи кабатта жасалма интеллект, киберкоопсуздукду башкаруу үйрөтулүп, оюндар, мобилдик тиркемелер иштелип чыгат. Блокчейн жана криптовалютанын негиздери түшүндүрүлөт.


Расжан Сансызбай, студент:


- Бизде технопаркта ушундай инвентарь бар. Башкача айтканда, 3D -принтер деген станоктор бар. Күчтүү, кубаттуу компьютерлер бар. Алар биздин маалымат системабызды абдан тез үйрөтүшөт. Кадимки компьютерлерге караганда күчтүү. Башкача айтканда, бизге мүмкүнчүлүк берет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков