Бул Алматыга туристтердин агымын көбөйткөн негизги өзгөчөлүктөрдүн бири. Маселен, былтыр мегаполиске бир жарым миллион турист келген. Туристтердин көбү КМШ өлкөлөрүнөн, Европадан, АКШдан, Латын Америкасынан жана Араб өлкөлөрүнөн келген коноктор. Мындан улам шаар жетекчилиги көрктөндүрүү маселесине эле эмес, экологияга да көңүл буруп келет. Тактап айтканда, эми Шымбулакка күйүүчү май менен жүргөн унааларды айдап чыгууга тыюу салынат.
Алишер Абдикадыров, шаар акиминин орун басары:
- Медеуде шлагбаум коюлду. Быйыл ал жерге видеокамера орноттук. Ал полиция бөлүмүнүн ыкчам башкаруу борбору менен бириктирилген. Шымбулак дегеним, азыр ага байланыштуу шаардык акимчилик атайын долбоор даярдап жатат. Ал ишке ашса, күйүүчү май менен жүргөн унаалардын Шымбулакка баруусу мүмкүн болбой калат. Өлкөбүздө ушундай масштабдуу иштер жүрүп жатканын элге кабарладык. Алар эч кандай каршы болушкан жок. Менин билишимче, азыр эл электромобилдерди активдүү сатып алууда.
Бауыржан Пазылхайыр, туристтик маалымат борборунун мүдүрүнүн орун басары:
- Жалпысынан Алматы шаарында 3-кварталдын жыйынтыгы боюнча 383 мейманканалар бар. Алардын ичинен 5 жылдыздуу жана 4 жылдыздуу жайларда 9 айда 37 миллиард теңгеге кызмат көрсөтүлдү. Бул 9 айдын ичинде туризм тармагына 53 миллиард теңге инвестиция тартылды.
Алдыдагы убакытта Алматыда медициналык жана этно-маданий туризмди өнүктүрүү пландалууда. Ошондой эле, мегаполистен бир нече жаңы эл аралык каттамдар ачылат. Бул чет элдик туристтердин агымын бир топ көбөйтүүгө шарт түзөт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков