Жашоонун азык булагы биринчи кезекте сөксөөл токоюн сугарууга, жаныбарлар менен канаттууларга суу катары колдонулса, артезиан бассейндеринин суусу сөксөөл, ошондой эле карагач, арча жана кленди сугарууга жумшалат. Жалпысынан Арал деңизинин казак бөлүгүндө жалпы аянты 1 миллион 100 миң гектар аянтка бадалдарды отургузуу пландалууда. Жашылдандыруу иштеринин жарымы азыркы учурда аткарылган.
Марат Курманбаев, облустук табият ресурстары жана жаратылышты пайдаланууну жөнгө салуу башкармасынын башчысы:
- Мурдагы жылдарда 100 миң гектар, өткөн жылы 250 миң гектар жер айдалды. Быйылкы жылдын жазында 50 миң гектар аянтка көчөт отургузулган. Калган иштер күзүндө улантылат. Мындан тышкары, 150 миң гектар жер Экология жана жаратылыш ресурстар министрлигинин токой чарба комитети тарабынан кошумча өздөштүрүлөт.
Азыркы учурда Аралдын кургаган жеринин көлөмү 6 миллион гектарды түзөт. Анын 2,5 миллион гектары Казакстандын аймагына кирет.
Галымжан Калдыбеков, токой башчысы:
- Учак менен, анан дельта планы менен деңизге отургузуп чыгат. Казакстан жалгыз отургузгузбайт. Өзбекстан мамлекети менен да келишим түзгөнбүз. Сексөөлдү өстүрүүгө дээрлик 5 жыл керектелет. Бир бадал бир тоннага чейин кум менен тузду кармап турат. Жашыл аянтты сөксөөл менен катар тузга чыдамдуу башка өсүмдүктөр менен толуктоо пландалууда.