Жыл башынан бери жергиликтүү акимчиликтердин казынасы чет
элдик туристтик салымдардын эсебинен 314 миллион теңгеге толукталды. Өлкөнүн Маданият
жана спорт министрлигинин маалыматы боюнча, бул жагынан Алматы шаары алдыда
келе жатат. Түштүк шаарынын үлүшүнө жалпы сумманын 86% же 270 миллион теңге
туура келет. Экинчи орунда чет элдик
коноктордон 37 миллион теңгеден ашык туристтик салым чогултулган борбор калаа
турат. Белгилей кетсек, бул - өлкөнүн мейманканаларында өткөн ар бир күн үчүн
туристтерден алынган төлөм. Жергиликтүү аткаруу органдарынын бюджетине түшкөн
каражаттар туристтик инфраструктураны өнүктүрүүгө, аймактарды көрктөндүрүүгө,
туристтик мүмкүнчүлүктөрдү илгерилетүү боюнча чараларды ишке ашырууга
багытталат. Башкача айтканда, өлкөнүн аймактарына саякатчылардын агымын
көбөйтүүгө түрткү берет. Азыр бул тажрыйба дүйнөнүн 50 өлкөсүндө ийгиликтүү
колдонулууда. Ошондуктан, бул туристтер үчүн жаңылык эмес.
Которгон: Илгиз Жамалбеков