Нью-Йорктогу штаб-квартирада БУУнун Башкы ассамблеясынын Украина боюнча 11-чукул атайын сессиясы өттү. БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш каатчылыкты тынчтык жолу менен чечүүгө жана адам укуктарын сактоого чакырды. Ал Украинадагы окуялар Европадагы акыркы ондогон жылдардагы эң оор гуманитардык жана миграциялык каатчылыкка алып келиши мүмкүн экенин эскертти. Белгилей кетсек, Бириккен Улуттар Уюму ок атуудан жабыркагандарга жардам көрсөтүү үчүн кошумча 20 миллион доллар бөлдү.
Антониу Гутерриш, БУУнун баш катчысы:
- Мен Бириккен Улуттар Уюмунун ар бир мүчөсүн Уставды сактоого чакырам жана Украина менен Орусиянын ортосундагы сүйлөшүүлөр дипломатиялык жол менен чечилет деп үмүттөнөм. Украина менен Орусиянын элдери тынчтыкты каалайт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков