Казакстан дүйнөдөгү космостук державалардын бири болуп калышы мүмкүн. Буга аталган багыттагы держава мамлекеттер мүчө болгон клубга жол ачкан «Байтерек» долбоору көмөктөшөт. Бул тууралуу Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров «Российская газета» басылмасына жарыяланган макаласында билдирди. Анда ал эки тараптын кызматташуусуна токтолуп, эки өлкөнүн биргелешкен стратегиялык долбоорлорунун маанилүүлүгү өзгөчө экендигин белгиледи.
Сергей Лавров, Орусия Федерациясынын Тышкы иштер министри:
- «Жер астындагы мейкиндикти өздөштүрүү жаатында Байтерек улуттук космостук программасын түзүү тууралуу сөз болууда. Планга ылайык, 2023-жылы Байкоңур космодромунан орусиялык келечектүү орто аралыкка учуучу «Союз-5» ракетасы учурулат. Бул багыттагы иштер өлкөдө экономика менен саоциалдык тармак үчүн кумулятивдүү таасири бар илимди талап кылган жаңы кластерлер пайда болушуна шарт түзөт», - дейт Сергей Лавров «Орусия менен Казакстан: чек арасыз кызматташуу» деген макаласында.
Эске сала кетсек, 2018-жылы Казакстан менен Орусия Байкоңурда Байтерек комплексин түзүү боюнча келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча протоколго кол коюшкан. Документ тараптардын «Зенит-М» комплексинин жер үстүндөгү космостук инфраструктура объектилерин ижарага берүүдөн бошотууну жана модернизациялоо үчүн Казакстанга берүү боюнча тараптардын милдеттерин аныктайт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков