Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев америкалык
The Hill саясий басылмасына жазган макаласында дүйнө лидерлерине кайрылды.
Мамлекет башчысы келечек үчүн жоопкерчиликтин жана көйгөйлөрдү тез арада
чечүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Макала ошондой эле пандемия жана климаттын
өзгөрүшү сыяктуу темаларды козгойт. Ал эми негизги коркунуч – өзөктүк курал. Мамлекет
башчысы белгилегендей, Казакстан эли өзөктүк куралды сыноонун кесепеттерин
жакшы билет. Бүгүнкү күндө өлкө өзөктүк куралды жайылтуу боюнча Бүткүл дүйнөлүк
кеңеште келечектеги пандемияга даярданууга салым кошо турган БУУнун биологиялык
коопсуздук боюнча агенттигин түзүүнү сунуштады. Мындан тышкары, президент
дүйнөлүк суу ресурстары жана азык-түлүк коопсуздугу көйгөйлөрүн чечүүгө
чакырды. Мамлекет башчы белгилегендей, бул аракеттер адамзаттын келечегин
аныктап, дүйнө тарабынан колдоого алынганда гана натыйжалуу болот.
Которгон: Илгиз Жамалбеков.