Венеция кинофестивалында казак режиссеру Адилхан Ержановдун "Голиаф" тасмасы байге алды. Ал Италиянын көз карандысыз киносынчыларынын атайын сыйлыгына ээ болду. Мыкты актёр катары Берик Айтжанов менен Данияр Алчынов сыйланды. Нуар жанрында тартылган "Голиаф" тасмасы 79-Венеция эл аралык кинофестивалынын "Жаңы кыр" конкурстук программасына кирди. Бул топко дүйнөлүк кинематографиянын жараяндарын чагылдырган чыгармалар тандалып алынат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков