Санариптик апокалипсис: социалдык тармактар 6 саатка иштебей калды

Санариптик апокалипсис: социалдык тармактар 6 саатка иштебей калды

Социалдык тармактар санариптик апокалипсистен кийин калыбына келе баштады. Масштабдуу үзгүлтүккө учуроодон кийин Facebook, WhatsApp жана Instagram жарым-жартылай калыбына келди. Адистердин айтымында, учурда интернет-платформаларды жандандыруу боюнча иштер дале уланууда. Тармактар бери дегенде 6 саат иштебей калды. Кечки саат тогуздан кийин дүйнө жүзүндөгү сервистер кызматында болгон көйгөй тууралуу миллиондогон колдонуучулар жаза баштады. Үзгүлтүккө учуроонун себеби азырынча аныктала элек, бирок айрым адистер окуяны Facebook колдонгон серверлер менен байланыштырып жатышат. Бул 2008-жылдан бери платформа үчүн эң чоң көйгөй болчу. Серепчилердин айтымында, келтирилген зыяндын конкреттүү суммасын эсептөө кыйын, бирок ири социалдык тармактардын иштебей калышы 160 миллион долларга бааланып жатат.

Кандид Уест, Кибер коргоо-изилдөө компаниясынын вице-президенти:

- Албетте, буга чейин да компаниянын протоколуна чабуулдар болгон. Ошондуктан бул таң калыштуу окуя эмес. Бирок бул учурда, бул кара ниеттүү чабуул эмес, адам баласынын катачылыгы ушундай чоң кесепеттерге алып келди.

Которгон: Илгиз Жамалбеков