Казакстандын КМШга мүчө мамлекеттердин ортосундагы соода алмашуусу 11%га артты

Казакстандын КМШга мүчө мамлекеттердин ортосундагы соода алмашуусу 11%га артты

Казакстан менен КМШга мүчө мамлекеттердин ортосундагы соода жүгүртүү 10 айда 11%га өсүп, 30 миллиард долларга чукулдады. Бул тууралуу Касым-Жомарт Токаев уюмга мүчө мамлекеттердин башчыларынын бейформал жолугушуусунда билдирди. Мамлекет башчынын айтымында, аймактар ​​аралык сооданын темпин сактап, экономикалык саясатты азыркы шарттарга ылайыкташтыруу маанилүү. Ошондой эле, президент КМШга мүчө-мамлекеттердин жетекчилеринин көңүлүн төмөнкү кечиктирилгис милдеттерди чечүүгө бурду. Биринчиден, тарифтик жана тарифтик эмес тоскоолдуктарды жоюу. Ошол эле учурда КМШ мейкиндигинде транспорттук-логистикалык долбоорлордун натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн кызматташуунун жаңы механизмдери жана форматы зарыл. Бул учурда “Түндүк-Түштүк” эл аралык коридорунун – “Казакстан-Түркмөнстан-Иран” темир жолу иштеген негизги транспорттук артериянын мааниси чоң. Өлкө башчы кийинки негизги багыт катары коопсуздук тармагындагы иш-чараларды атап өттү. Казакстандын төрагалыгынын алкагында кабыл алынган 2023-2025-жылдарга терроризмге жана экстремизмге каршы күрөшүү боюнча кызматташуу программасы аталган милдеттерди аткарууга толук шайкеш келет. Белгилей кетсек, Шериктештикке мүчө мамлекеттердин башчыларынын бейформал жолугушуусуна Казакстандын президенти менен бирге Азербайжан, Беларус, Кыргызстан, Орусия, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстандын лидерлери жана Армениянын премьер-министри катышты.

Которгон: Илгиз Жамалбеков