Мажилистин депутаттары Казакстандан Арменияга мунай өнүмдөрүн жеткирүү тармагындагы соода-экономикалык кызматташуу келишимин ратификациялоо боюнча мыйзам долбоорун жактырып, Сенаттын кароосуна жиберди. Энергетика министри Болат Акчулаковдун айтымында, Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөр ортосундагы соода экспорттук бажы төлөмдөрүн төлөбөй, бажы көзөмөлүсүз жүргүзүлүүдө. Аталган келишимде мунай өнүмдөрүн сатуунун өзгөчө режими белгиленген жана Казакстандан Арменияга мунайды экспорттоону көзөмөлдөө механизмдери камтылган.
Болат Акчулаков, Энергетика министри:
- Мыйзам Казакстан Республикасынан мунай өнүмдөрүн экспорттоону жөнгө салат жана ички рынокту Евразия экономикалык биримдигинин өлкөлөрүнө мунай өнүмдөрүнүн көзөмөлсүз агымынан коргойт. Ошону менен бирге зарыл болгон учурда макулдашууда Казакстандын улуттук коопсуздугун камсыз кылуу жана ички рынокту коргоо максатында индикативдик баалар менен бекитилген көлөмдөр ашып кеткен шартта, форс-мажордук жагдайлар келип чыккан учурда, ошондой эле Армения өз аймагынан Казакстандын мунай өнүмдөрүн үчүнчү өлкөлөргө жана Евразиялык экономикалык биримдикке экспорттоого тыюу салат. Өз милдеттемелерин бузган учурда Казакстан Арменияга мунай өнүмдөрүн алымсыз ташууну бир тараптуу түрдө токтото алат же чектей алары көздөлгөн. Ошондуктан биздин ички рынок үчүн эч кандай тобокелчилик жок.
Белгилей кетсек, документтин негизги приоритети Казакстандын ички рыногун мунай өнүмдөрү менен камсыздоо болуп саналат. «Мунай өнүмдөрүнүн айрым түрлөрүн чыгарууну жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө» мыйзамына ылайык министрлик ай сайын ички рынокко кайра иштетүү үчүн мунай жеткирүү планын бекитет, ал эми мунай ашыкча болгон учурда Арменияга ушундай жеткирүүлөр жүзөгө ашырылат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков