Белгилүү казак жазуучусу Сауле Досжандын «Айылдан чыккан миллионер» повести кыргыз тилинде жарык көрдү. Анын бет ачары Бишкекте өттү. Китепте Жомарт аттуу баланын жашоосу баяндалат. Ал бизнес кылууга бел байлайт. Бул чечимди кабыл алганга чейин атасына кой кайтарууга жардам берет. Ошентип ал кичинесинен эле базардын талабын билип чоңойот. Жазуучу Жомарттын аңгемеси аркылуу бизнес ачам деген жаштарга жол көрсөтөт. Бай болууну кыялданган балага руханий таалим-тарбия берет.
Сауле Досжан, жазуучу:
Рынокту, экономиканы, жакшы жашоону билсе экен, өз жашоолорун өздөрү түзүп, эч кимге муктаж болбой жаш кезинен бери эмгекчил болуп чоңойсо деген чоң бир максат менен ушул «Айылдан чыккан миллионер» китебин жаздык. Айыл казактын алтын бешиги, казактардын көбү өсүп чоңойгон жер. Айылда жашагандар, ошол балдар айылда жүргөндөн баштап эмгекти үйрөнүп, кийин улутуна, мамлекетине, элине кызмат кылып, казакты дүйнөгө таанытса деп кыялданышат.
Кыргыз тилиндеги китеп миң нуска менен басылып чыкты. Анын бир бөлүгү Кыргызстандын китепканаларына таратылат. Дагы бир айта кете турган нерсе, Сауле Досжан эмгеги үчүн коңшу өлкөнүн Маданият министрлигинин Ардак грамотасы менен сыйланды. Бирок, бул жалгыз сыйлык эмес. Казакстан менен Кыргызстандын ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгынын алкагында, президент Касым-Жомарт Токаевдин жарлыгы менен Кыргызстандын бир катар коомдук жана саясий ишмерлери 2-даражадагы «Достук» ордени менен сыйланышты. Алардын арасында мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, экс-премьер-министр Апас Жумагулов жана экс-тышкы иштер министри Муратбек Иманалиев, эл артисти Роза Аманова бар.
Которгон: Илгиз Жамалбеков