Рейтингди Австриянын Status Insights платформасы түздү. Жалпысынан анын маалымат базасына 2,5 миллиондон ашык иштеп чыгуулар киргизилген. Тандалган долбоорлор аутизм спектринин бузулушун изилдөөгө, инсульттун диагностикасына, Альцгеймер оорусун эрте аныктоого багытталган. Бул мыктыларды тандоодо долбоорду ишке ашырууга байланышкан бардык маалыматтар, алардын түзүлгөн күнү, жайгашкан жери, жумшалган каражаттын суммасы эске алынган.
Казакстандын medtech долбоору мээ ооруларын диагностикалоо боюнча дүйнөлүк беш ойлоп табуудан тышкары, тездетилген эсептөөлөр үчүн инновациялык чечимдерди иштеп чыгуучу стартаптарга арналган Intel программасына киргизилген. Натыйжада, үйдө өскөн ойлоп табуучулар керектүү маалыматка, эксклюзивдүү тренингдерге жана жалпы экосистемага жете алышат. Ошондой эле бардык эсептөө инфраструктурасын, программалык камсыздоону, насыялык жеңилдиктер жана серепчилердин колдоосуна таяна алышат. Дүйнөлүк программа казакстандыктарга стартаптарды өнүктүрүүгө жардам берет. Азырынча аталган программага катышкан биринчи жана жалгыз ата мекендик долбоор.
Жандос Ембергенов, операциялык мүдүр:
- Алар бизге кеңештерин беришет. Менторлор технологиябызды толугу менен жакшыртууга көмөктөшөт. Мисалы, бул жасалма интеллект, машина үйрөнүү болушу мүмкүн. Бул алардын эсептөө күчүн максималдуу пайдаланууга жардам берет. Мындан тышкары, алар булут чечимдерин акысыз сунушташат. Бул алардын техникалык жагынан албаганда биринчи этабы. Бирок, алардын башка акселераторлору да бар.
Медициналык технология жаатындагы бул ойлоп табуу инсультту 10 мүнөттүн ичинде аныктай алат. Учурда бул долбоор өлкөнүн 26 адистештирилген борборлорунда ийгиликтүү ишке ашырылды. Алдыдагы убакытта республиканын бардык ушул жааттагы мекемелери казакстандык программа менен камтылмакчы. Белгилей кетсек, аталган стартап Өзбекстандын ооруканаларында да пилоттук режимде иштеп жатат.
Жандос Ембергенов, операциялык мүдүр:
- Бейтап инсульт борборлоруна же биздеги MРТ жана КТ аппараты бар клиникага келет. Бул бейтап КТ аппаратында жана инсульт борборунда сүрөткө тартылат. Бул жабдык сүрөттү автоматтык түрдө серверге жөнөтөт. Биздин жасалма интеллектибиз аны алгоритм аркылуу 3 мүнөттүн ичинде талдап, натыйжаларын мобилдик тиркемеге же дарыгерлердин жана рентгенологдордун DESKTOP тиркемелерине бирдей убакытта жөнөтөт.
Эми медицинага арналган жасалма интеллектти казакстандык иштеп чыгуучулар АКШнын инвестиция рыногуна чыгарууга кызыкдар. Алар стартап коомчулугунан колдоо табууга ниеттенүүдө.
Которгон: Илгиз Жамалбеков