Тармак адистеринин айтымында, өткөн жылы өлкөдө 8 миллионго жакын ички турист катталган. Бул мурдагы үч жылга салыштырмалуу рекорддук көрсөткүч. Ошол эле учурда казакстандыктар өз өлкөсүндө эс алууга артыкчылык берүү менен катар учурда экотуризм жарандар үчүн негизги багытка айланууда.
Ернур Кенжебеков, АК «KAZAKH TOURISM» улуттук компаниясынын басма-сөз катчысы:
- Эгерде мурда экотуризм негизинен өлкөбүзгө келүүчү агым, башкача айтканда чет элдиктерди тарта турган болсо, ковид жылы жана ага чейинки жылдары экотуризмге болгон дүйнөлүк тенденция бизге жана казакстандыктарга эко-дестинацияларда жана эко-багыттарда көбүрөөк эс алууга мүмкүндүк берди. Өткөн жылы биздин эң көп барган жерибиз Алматы тоо кластери болду. Анткени ал жерде улуттук сейил бактар бар. Ошол эле учурда улуттук сейил бактардын былтыркы статистикасын карай турган болсок, Бурабай улуттук сейил багы эң көп саякатчылар келген жерлердин катарына кирет. Бул улуттук сейил бактарда туризм өнүккөнүнөн кабар берет.
Экотуризмдин өнүгүшү жана популярдуулугу туроператорлорду саякатчыларга жаңы маршруттарды жана багыттарды сунуштоого мажбурлайт. Алардын бири Кигач дарыясынын өрөөнүндө көз жоосун алган жаратылыштын кооз жерлери бар Атырау облусу. Аймактын негизги өзгөчөлүгү гүлдөп жаткан Каспий лотостору.
Ернур Кенжебеков, АК «KAZAKH TOURISM» улуттук компаниясынын басма-сөз катчысы:
- Бул абдан уникалдуу өнүм. Тагырагы дүйнөнүн түндүк тарабындагы лотос гүлү. Андыктан туроператорлор бери дегенде туристтик багыттарды ушул жакка багыттоого басым жасашы керек. Жалпысынан Атырау облусу туризмди өнүктүрүүгө карай бара жатат. Мисалы, Сарайшык сапар борбору ачылды. Ал шаарга жакын. Ал жерден туристтер шаар жөнүндө эле эмес, бүтүндөй аймак жөнүндө, Атырау облусунун мүмкүнчүлүктөрү – белгилүү ири көлмөлөр жөнүндө көп маалымат ала алышат. Ал тургай уникалдуу жаратылыш объекттери бар, мисалы, Индербор – туздуу көлү сыяктуу. Жалпысынан Атырау облусунда туризм жагынан таң калтыра турган нерсе көп.
Өлкөнүн инфраструктурасынын кеңейүүсүнүн, жаңы темир жол каттамдарынын пайда болушунун, ошондой эле өлкө өкмөтү тарабынан иштелип чыккан жана жүзөгө ашырылып жаткан программалардын, анын ичинде Kids Go Free программасынын аркасында, ички туризмдин көрсөткүчтөрү өсүүдө дешет адистер. Акыркы эки жылдын ичинде дээрлик 3,5 миң бала өлкө ичинде акысыз аба каттамдарына ээ болду.
Которгон: Илгиз Жамалбеков