Пакистан Казакстан менен кызматташууга кызыкдар

Пакистан Казакстан менен кызматташууга кызыкдар

2022-жылдын 9 айында Казакстан менен Пакистандын ортосундагы өз ара сооданын көлөмү 57 миллион долларга жетти. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 18%га көп. Эки тарап бул көрсөткүчтү эки эсеге көбөйтүүнү пландоодо. Бул максатта соода-транспорттук кызматташтыкты кеңейтүү каралган. Анткени, Казакстан менен Пакистандын Түштүк Азияда жайгашканы, стратегиялык географиялык көз караштан алганда пайдалуу. Бул тууралуу премьер-министрдин орун басары, соода жана интеграция министри Серик Жумангарин менен Пакистандын өкмөттүк делегациясынын жолугушуусунда айтылды. Өз кезегинде Пакистан тарап Казакстанга Гвадар порту аркылуу деңизге жана Перс булуңу өлкөлөрүнүн базарларына чыгуу мүмкүнчүлүгүн сунуштоого даяр экенин билдирди. Ошол эле учурда энергетика тармагында кызматташуунун келечеги бар. Атап айтканда, бул биринчи кезекте «Түркмөнстан-Ооганстан-Пакистан-Индия» газ түтүгүнүн кубаттуулуктарын пайдалануу менен газ транзитине байланыштуу.

Которгон: Илгиз Жамалбеков