Жылдын аягына чейин өлкөдө көпүрөлөрдү жана имараттарды
пайдаланууну башкаруу системасы ишке киргизилет. Анда ар бир объекттин
паспорттук маалыматтары жана алардын учурдагы абалын текшерүүнүн жыйынтыгы камтылат.
Бул система колдонуучуларга көпүрөлөрдү, жол кесилиштерин жана өтмөктөрдү
тейлөө боюнча отчетторду жана бюджетти пландаштырууну автоматташтырууга
мүмкүндүк берет. Ошентип, аларды тейлөөгө кеткен чыгымдар бир топ кыскарат. Эске сала
кетсек, Казакстандын жол илим-изилдөө институтунун адистери ушул жылдын башында
санариптик маалымат базасын иштеп чыгууга киришкен. Бул жаатта
Даниянын, Финляндиянын, Германиянын, Норвегиянын, Түштүк Африканын, Швециянын,
Швейцариянын жана Улуу Британиянын тажрыйбасына таянышкан. Бүгүнкү күндө
программанын прототиби түзүлүп, маалыматтык система интерфейсинин
дизайны бышыкталып жатат. Ошондой
эле, автожол көпүрөлөрүнүн жана өтмөктөрдүн техникалык абалын баалоо методикасы
иштелип чыкты.
Кайсар Шалкар, КАЗГЗИ департаментинин башкы адиси:
Жакынкы арада мониторинг сыяктуу модулду ишке киргизүүнү
пландап жатабыз. Курулушта жана андан ары эксплуатациялоодо өтө кылдаттыкты
талап кылган эч кандай категорияга кирбеген чоң көпүрөлөр бар. Ошондой эле
мониторингден тышкары жол кыймылын жана жаан-чачынды көзөмөлдөөчү атайын
аппараттар орнотулат. Ал эми алдыдагы убакытта мындай заманбап аппараттарды
республикалык жолдорго гана эмес, шаардагы көпүрөлөргө да коюуну пландап
жатабыз.
Казакстанда республикалык маанидеги жолдордо бардыгы
болуп 1500 миңге жакын көпүрө курулган. Бүгүнкү күндө Алматы, Жамбыл, Түркестан,
Акмола, Түндүк Казакстан жана Павлодар облустарындагы көпүрөлөрдү текшерүүнүн
жыйынтыгы иштелип жатат. Маалыматтык системага буга чейин төрт структура
киргизилди. Жылдын аягына чейин базага дагы 16 көпүрөнү кошуу көздөлүп жатат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков