Маңгыстау облусунун тургундарын таза суу менен камсыздоону көбөйтүү
пландалууда. Өкмөт Каспийдеги заводду кеңейтүү долбоорун бүтүрүүгө 5 миллиард
теңгеден ашык каражат бөлгөн. Бул суткасына 40 миң куб метрге чейин ичүүчү таза
сууну өндүрүүнү көбөйтүүгө мүмкүндүк берет. Ишкананын мурдагы өндүрүмдүүлүгү
жарымынан да аз болгон. Тиешелүү токтомго Казакстан Республикасынын
Премьер-министри Алихан Смаилов кол койду. Өкмөт башчы Маңгыстау облусунун үч районунун
элин жашоо-тиричилик менен камсыз кылуу боюнча долбоорду ишке киргизүүнүн
маанилүүлүгүн белгиледи. Бүгүнкү күндө курулуш-монтаждоо иштеринин 80%ы
бүткөрүлдү.
Которгон: Илгиз Жамалбеков