Белгилүү Голливуд актёру жана таанымал жаратылыш коргоочусу Леонардо Ди Каприо Казакстан өкмөтүн кийиктердин санын көбөйтүүдөгү ийгиликтери менен куттуктады. Ал социалдык тармактагы жеке баракчасында 20 жыл мурун жок болуп кетүү коркунучунда турган талаа жаныбарларынын түрүн сактап калуу гана эмес, көбөйтүү болуп көрбөгөндөй чыныгы ийгиликтин үлгүсү экенин баса белгиледи. 2005-жылы 48 миң гана баш болсо, азыр алардын саны дээрлик 2 миллионго жетти. Айта кетсек, эл аралык жаратылышты коргоо биримдиги да өлкөнүн кийиктерди сактоого кошкон зор салымы тууралуу жазган.
Которгон: Илгиз Жамалбеков