Казакстандын экономикалык мүмкүнчүлүктөрү Германиядагы форумда тааныштырылды. Франкфурт-на-Майне шаарында Германиянын компанияларынын, тармактык ассоциациялардын, каржы институттарынын жана банк секторунун 200гө жакын өкүлдөрүнүн катышуусунда «Kazakhstan Investment Day» өттү. Иш-чарада тараптар биргелешкен долбоорлорду талкуулашты. Экономиканы диверсификациялоо, кайра иштетүү өнөр жайын жана инфраструктураны өнүктүрүү, жогорку технологияларга инвестиция тартуу артыкчылыктуу багыттар болуп саналат.
Ерсайын Нагаспаев, өнөр жай жана
курулуш министри:
– Акыркы
20 жылда Германия тарабынан биздин өлкөгө салынган инвестициялардын көлөмү 6,5
миллиард евродон ашты. Биз Германияны Европа Биримдигиндеги негизги өнөктөш
катары карагандыктан, бул көрсөткүчтү дагы көбөйтөбүз деп үмүттөнөбүз.
Томас Штеффен, Германиянын
экономика жана энергетика федералдык министрлигинин статс-катчысы:
– Казакстан Германиянын Борбор
Азиядагы эң маанилүү соода өнөктөшү. Айрыкча, биз критикалык маанилүү
минералдар, сейрек кездешүүчү металлдар жаатында чоң дараметти көрүп жатабыз.
Биз портфелдерибизди жакшыраак диверсификациялашыбыз керек, ошондуктан
Казакстан биз үчүн келечекте да абдан маанилүү өнөктөш.
Инвестфорумдун алкагында 100 миллион долларлык келишимге
кол коюлду. Каражат Павлодарда гидрометаллургиялык комбинат курууга жумшалат.
Канат Досмукаметов, Solidcore
Resourses PLC башкы операциялык мүдүрү:
– Бул технологиялык жана инновациялык
көз караштан алганда, катуу алтын концентраттарын кайра иштетүү боюнча
уникалдуу долбоор. Жалпы өндүрүмдүүлүгү 300 миң тоннага чейин концентрат, жалпы
инвестиция болжол менен 1 миллиард долларды түзөт. Анын ичинен 600 млн долларды
эл аралык каржы институттарынан тартууну пландаштырып жатабыз, ал эми 400 млн
доллар - бул өзүбүздүн каражат. Эң негизги жабдуу – бул автоклав. Ал Павлодар
шаарына келип жетти. Ошондой эле, бул заводду ишке киргизүү 2028-жылдын аягына
пландаштырылган.
Белгилей кетсек, Казакстандын Германия менен өткөн жылдагы товар жүгүртүүсү 4 миллиард 300 миллион долларды түздү. Германиянын инвестицияларынын 90%дан ашыгы өлкөнүн чийки эмес секторуна багытталган. Жакынкы жылдары Казакстан өнөр жай инфраструктурасына 400 миллиард долларга чейин инвестиция тартууну пландаштырууда. Мында Германиянын инвестициялары ата мекендик рынокто жаңы өнөр жай кластерлеринин негизи болушу мүмкүн.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

