Казакстан экономикасынын реалдуу тармагында оң тенденция байкалат. Буга үчтүн-бирдин айларындагы макроэкономикалык көрсөткүчтөр далил. Бул аралыкта жалпы ички дүң өнүмүнүн өсүшү 2,9%чейин жакшырды. Ал эми реалдуу тармакта өсүш 6,3% чейин тездеген. Өсүү темпи унаа куруу, курулуш материалдары, химиялык заттар, кийим-кече, эмеректер жана фармацевтика тармактарында сакталды. Мындай маалыматтар менен кезектеги өкмөт отурумунда Премьер-министр Аскар Мамин бөлүштү. Анын айтымында, Казакстандын мунай өндүрүүнүн суткалык көлөмүн 20 миң баррелге чейин жеткирүүнүн мааниси зор. Аталган документ алдыдагы убакытта тоо-кен тармагында өсүштү жогорулатууга мүмкүндүк берет.
Аскар Мамин, Казакстан Республикасынын Премьер-Министри:
- Экономикалык өнүгүүнүн негизги кыймылдаткычтары: кайра куруу өнөр жайы, курулуш, анын ичинде турак-жайларды пайдаланууга берүү, айыл чарбачылыгы. Алар жыл башынан бери туруктуу өсүп келе жатат. Тейлөө тармагы акырындап калыбына келүүдө. Негизги капиталга инвестициялардын өсүшү тоо-кен тармагын эсепке албаганда 13,3% түздү. Инвестициялык жигердүүлүктүн глобалдык төмөндөшүнүн шартында сапаттуу инвестицияларды тартуу үчүн атаандаштык өтө жогору. Ата мекендик жана чет элдик инвесторлорду активдүү тартуу менен менчиктештирүү планын натыйжалуу ишке ашырууну камсыз кылуу керек.
Которгон: Илгиз Жамалбеков