Бул көрсөткүч боюнча аймактарга бөлүштүрө келгенде Астана жетинчи орунда турат. «Астана Инвесттин» маалыматы боюнча, мегаполистин инвестициялык долбоорлорунун бирдиктүү пулу түзүлдү. Ага инвестициянын жалпы көлөмү 2 триллион теңгеден ашкан 262 долбоор кирет. Белгилей кетсек, «Астана-Жаңы шаар» Атайын Экономикалык Аймагынын базасында 50 долбоор иштеп жатат. Шаардык инвестицияны өнүктүрүү борбору анын 11и экспортко багытталганын белгилеп өттү. Белгилей кетсек, өткөн жылдын тогуз айында шаар ишканалары 15 миллиард теңгенин өнүмүн экспортко жиберген. Негизги товарлардын арасында электровоздор, тепловоздор, атайын кийимдер жана башка өнүмдөр Орусияга, Өзбекстанга, Азербайжанга, Түркияга жеткирилет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков