Казакстандын
өнүгүшүндөгү прогресс ачык-айкын. Республиканын экономикасын мындан ары
жогорулатууда алдыңкы ролду мамлекеттин колдоосу менен жеке тармак ойноого
тийиш. Бул тууралуу ЭВФтин Казакстандагы миссиясынын башчысы өлкөнүн
премьер-министри менен жолугушууда билдирди. Алихан Смаилов менен Николя Бланше
Казакстан менен каржы институтунун жакынкы жана орто мөөнөттөгү кызматташуу
пландарын талкуулашты. Министрлер кабинетинин башчысы өлкө өкмөтү ЭВФ менен
өнөктөштүккө өзгөчө маани берерин жана анын экономиканы өнүктүрүүгө кошкон
салымын жогору баалай турганына токтолду. Алихан Смаилов белгилегендей, бүгүнкү
күндө ал жаңы шарттарга ыңгайлашып, туруктуу өсүштү көрсөтүүдө. Айта кетсек, 10
айдын жыйынтыгы боюнча республиканын ИДӨ 5%га жакын өстү. Негизги капиталга
салынган инвестиция 12 жарым пайыздан ашты. Алихан Смаилов эл аралык рейтинг
агенттиктери Казакстандын суверендүү насыялык-рейтингин инвестициялык деңгээлде
тастыктаганын кошумчалады. Ал эми Moody's өзүнүн
божомолун туруктуудан позитивге чейин жакшыртты. Кошумчалай кетсек,
бүгүнкү күндө Казакстанда фискалдык саясатты жакшыртуу боюнча иштер
улантылууда. Жаңы Салык жана Бюджет кодекстери иштелип жатат. Өз кезегинде
Николя Бланше келечекте экономикалык өсүшкө жетишүү үчүн Казакстанда жетиштүү
күч жана мүмкүнчүлүктөр бар экенин белгилеп өттү.
Которгон: Илгиз Жамалбеков