Үстүбүздөгү жылдын 9 айында Казакстандын экономикасынын өсүшү 4 % түздү. Көрсөткүчкө мунай эмес сектордун, анын ичинде айыл чарбасынын, кайра иштетүү өнөр жайдын, курулуштун жана соода тармактарын өнүктүрүүнүн эсебинен жетишүүгө мүмкүн болду. Мунун баары - диверсификациянын жыйынтыгы, - деп белгиледи Премьер – министр. Үч кварталдын жыйынтыгы боюнча республиканын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыгы өкмөттөгү жыйында айтылды. Бардык негизги макро көрсөткүчтөр боюнча өсүү динамикасын Алматы, Караганды, Кызылорда, Павлодар, Түркестан, Чыгыш Казакстан, ошондой эле Астана жана Шымкент облустары көрсөттү. Тышкы соода, товар жүгүртүү 91 миллиард доллардан ашты. Мында Ата Мекендик товарлардын чет өлкөлүк рынокторго экспорту көпчүлүк бөлүгүн түздү. Инвестицияларга келсек, алар чийки эмес тармактарда өсүштү көрсөттү. Байланыш тармагы дээрлик 82% га, билим берүү – 80% га, транспорт 31% дан бир аз көбүрөөк өскөнүн далилдеди.
Олжас Бектенов, Казакстандын Премьер-министри:
– Баарына жылдын аягына чейин негизги капиталга инвестициялар боюнча максаттуу индикатордун аткарылышын камсыз кылуу милдетин коем. Өндүрүш секторуна, агроөнөр жай комплексине, транспортко жана логистикага, ошондой эле суу жана электр энергиясы сыяктуу тармактарга өзгөчө басым жасалат. Тышкы иштер министрлиги инвестиция тартуу боюнча ишти күчөтүү керек. Негизги фонддорду жаңыртууга, номенклатураны көбөйтүүгө жана өндүрүлгөн өнүмдүн кошумча наркын жогорулатууга багытталган ишкердик демилгелерди колдоону активдештирүү зарыл.
Которгон: Илгиз Жамалбеков