Казакстанда биржа соодасынын бирдиктүү эрежелери бекитилет. Анда брокерлерди жана дилерлерди дискриминациядан коргогон атайын эрежелер, ошондой эле сатып алуучулар менен сатуучулардын бир биржадан экинчисине эрежелердин эч өзгөрүүсүз алмашуу мүмкүнчүлүктөрү каралган. Тиешелүү мыйзам долбоору республиканын парламенти Мажилисинин кароосуна киргизилди. Жаңы документте товардык биржалардын эки баскычтуу системасын түзүү сунушталууда. Эки деңгээлге бөлүү экономиканын аталган тармагын жакшыртууга жана өнүктүрүүгө түрткү берет, - дейт соода жана интеграция министри Бахыт Султанов.
Бакыт Султанов, РКнын Соода жана интеграция министри:
- Биринчи деңгээлге карата, соода-сатыкты биржалык товарлар менен жүзөгө ашыруучу үчүн уставдык капиталды 700 миң эселенген айлык эсептик көрсөткүчкө чейин көбөйтүү көздөлгөн. Экинчи деңгээл, стандартташтырылбаган товарлар менен гана соода жүргүзгөн товардык биржалары үчүн коюлуучу талаптар мурдагы деңгээлде калат. Башкача айтканда, уставдык капиталдын минималдуу өлчөмү 300 миң эселенген айлык эсептик көрсөткүчтү түзөт.
Учурда Казакстанда 19 товардык биржа лицензия алган. Улуттук статистика бюросунун маалыматы боюнча, акыркы 11 жылда биржа келишимдеринин саны 48 миң бүтүмгө чейин, башкача айтканда 50 эсеге өскөн.
Которгон: Илгиз Жамалбеков