Биринчи жарым жылдыкта мамлекеттик бюджетке 9 триллион теңгеге жакын каражат түштү

Биринчи жарым жылдыкта мамлекеттик бюджетке 9 триллион теңгеге жакын каражат түштү

Биринчи жарым жылдыкта мамлекеттик бюджетке 9 триллион теңгеге жакын каражат түштү. Иштин жыйынтыгы тууралуу Казакстандын Каржы министрлигинде жарыяланды. Мекеменин өкүлдөрүнүн айтымында, салык жана бажылык башкарууну жаңылоо, мамлекеттик көзөмөлдү жакшыртуу боюнча иштер жүргүзүлдү. Муну менен катар өлкөдө банкроттуктун жана жеке адамдардын төлөө жөндөмдүүлүгүн калыбына келтирүүнүн заманбап институтун түзүү боюнча жигердүү иштер жасалды. Үчтүн айында жалпыга жарыялоонун үчүнчү этабы башталды. Чарбалык уюмдардан 1 миллионго жакын отчёт келип түштү. Мындан тышкары, экспорттук-импорттук операциялар боюнча валюталык көзөмөл функциясынын бир бөлүгү Мамлекеттик кирешелер комитетине өткөрүлүп берилди.

 

Ержан Биржанов, Каржы вице-министри:


- Үстүбүздөгү жылдын жалган куран айынын 25де мамлекет башчы трансферттик баа түзүү боюнча мыйзамга бир катар өзгөртүүлөрдү киргизүүгө кол койду. Мыйзамдын максаты - импорттук жоготууларды болтурбоо жана биздин экспорттолуучу товарларга адилеттүү рыноктук бааны бекитүү. Өткөрүү пункттарында үчүнчү өлкөлөр менен автоунаалардын өтүү режими 36%га жогорулады. Эгерде өткөн жылдын биринчи жарымында бул бажы бекеттеринен 440 миң автоунаа өткөн болсо, быйылкы жылдын биринчи жарымында 600 миң автоунаа аталган бажы бекеттеринен өткөн.


Которгон: Илгиз Жамалбеков