Казакстанда чакан жана орто бизнес тармагындагы өндүрүш көлөмү бир жылда 25 % өстү

Казакстанда чакан жана орто бизнес тармагындагы өндүрүш көлөмү бир жылда 25 % өстү

Пандемиядан кийин чакан жана орто бизнестин өндүрүш көлөмү 25,4%га өсүп, 17 жарым триллион теңгеден ашты, деп маалымдайт finprom.kz. Өндүрүш көлөмүнүн басымдуу бөлүгү чакан бизнеске тиешелүү. Тармактагы келтирилген пайда 12,4 триллион теңгени түзөт. Орто бизнесте бул көрсөткүч 3,4 триллион. Калганы жеке ишкерлерге, дыйкан чарбаларына тиешелүү. Белгилей кетсек, чакан бизнесте өнүмдүн өсүшү өлкөнүн дээрлик бардык аймактарында катталган. Чакан жана орто бизнестин өндүрүшүнүн жарымына жакыны Алматы менен Нур-Султандын үлүшүнө туура келет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков