Түндүк Казакстандын бюджети эки эсеге өстү

Түндүк Казакстан облусунун бюджети эки эсеге көбөйдү. Сумма 189дан 333 миллиард теңгеге жогорулаган. Мындай маалымат менен облус башчысы Кумар Аксакалов бөлүштү. Анын айтымында, акыркы он айдын жыйынтыгы боюнча негизги көрсөткүчтөр боюнча облус лидер болуп гана тим болбостон, республикалык орточо көрсөткүчтөрдөн да ашып кетти. Түндүк Казакстан облусунун өнөр жай ишканалары толук кандуу иштеп жатат. Натыйжада фабрикалардын өндүрүш көлөмү 236 миллиард теңгеге өстү. Аны менен бирге, аймак бийлиги өнөр жайчылардын портфель тапшырыктары, анын ичинде экспортту кошо алганда алдыга карай түзүлдү. Бирок алар агроөнөр жай комплексине, тактап айтканда, сүт азыктарын ири көлөмдө өндүрүүгө басым жасашууда. Быйыл өлкөнүн түндүгүндө дагы 11 чарбанын курулушу башталды. Айта кетүүчү жагдай, алардын бешөө бештин айында иштей баштайт. Жалпысынан ишканаларды ишке кошуу жыл сайын 51 миң тоннадан ашык сүт өндүрүүгө мүмкүндүк берет.

КУМАР АКСАКАЛОВ, ТҮНДҮК КАЗАКСТАН ОБЛУСУНУН АКИМИ:

- Өсүш бир гана сүттө жана эт азыктарында эмес. Бүгүнкү күндө облустун 80 ашуун кайра иштетүүчү ишканалары эт, сүт жана макарон азыктарынын 330 түрүн өндүрүшөт. Муну менен биз ар бир үчүнчү казакстандыкты Түндүк Казакстан өнүмү менен камсыз кыла алабыз деп айтсак болот.