Казакстан 2020-жылы 56 инвестициялык келишимге кол койгон. Бул акыркы он жылдагы өлкөдөгү эң чоң көрсөткүч, деп билдирди Казакстандын тышкы саясат комитетинин өкүлү Ардак Зебешев. Анын айтымында, былтыр өлкө экономикасына жалпысынан 17 миллиард долларлык чет элдик инвестиция тартылган. Анын болжол менен 90 пайызга жакыны башкы өнөктөш деп саналган 14 мамлекеттин үлүшүнө таандык. Алардын катарында, Нидерланды, Швейцария, Бельгия, Франция, Германия, Италия, АКШ, Улуу Британия, Орусия, Кытай, Түштүк Корея, Түркия, Жапония жана Бириккен Араб Эмираттары бар.
Ардак Зебешев, Казакстандын тим инвестиция комитети төрагасынын милдетин аткаруучусу:
- Өлкөнүн Улуттук өнүгүү планы жана Нур Отан партиясынын Шайлоо программасынын жол картасына негизделген иш-чаралардын бардыгы 2025-жылга карата негизги капиталга салынган инвестиция көлөмүн ички дүң өнүмдүн 30 пайызына чейин, ал эми түз чет элдик инвестициялардын көлөмүн 30 миллиард долларга чейин жеткирүүгө өбөлгө тийгизиши керек. Дүйнө жүзүндө болуп жаткан терс жагдайларга карабастан, биз чет өлкөлөрдөн сапаттуу инвестицияларды тартуу боюнча жигердүү иш алып баруудабыз. Алдыдагы 5 жылга коюлган тапшырмаларга ылайык, өлкөдө көптөгөн инвестициялык долбоорлор ишке ашырылып жатат.
Белгилей кетсек, былтыр өлкөдө 40тан ашуун инвестициялык долбоор ишке ашырылган. Алардын катарында Түркестан облусундагы жаңы аэропорт, Актаудагы мейманкана жана Актөбе облусундагы күнөсканалар, Жамбыл облусундагы санитардык-эпидемиологиялык станция бар. Алардын курулушундагы чет элдик инвестициялардын үлүшү 1,5 миллиард долларды түзгөн.
Которгон: Илгиз Жамалбеков