Кытайдын 6-эл аралык импорт көргөзмөсүндө Казакстандын 30дан ашык ишканалары өз өнүмдөрүн көрсөтүштү. Улуттук павильондун алкагында ата мекендик айыл чарба, туризм, логистика, экспорт жана инновация тармагындагы компаниялар өздөрүнүн инвестициялык, соода жана өндүрүш мүмкүнчүлүктөрүн тааныштырууда. Жалпысынан бүгүнкү күндө айыл чарба жана азык-түлүк товарларын экспорттоо боюнча 21 протоколго кол коюлду. Бул Кытайга айыл чарба өнүмдөрүн жеткирүүнү бир кыйла көбөйтүүгө мүмкүндүк берди. Ошол эле учурда Казакстан экологиялык жактан таза айыл чарба өнүмдөрүн Кытайдын рыногуна экспорттоо көлөмүн кеңейте алат. Алсак, өсүмдүк майлары жана иштетилген калдык боюнча эле дарамет 300 миллион долларды түзөт.
Ядыкар
Ибрагимов, Май өсүмдүктөрүн кайра иштетүүчүлөр улуттук бирикмеси
башкармалыгынын төрагасы:
- Биз Кытайга май өнүмдөрүн
экспорттоонун көлөмүн көбөйтүп жатабыз. Мисалы, 2022-жылы биз Кытайга бул өнүм
түрүнүн жалпы куну 170 миллион долларга бааланган 122 миң тоннадан ашыгын
жөнөттүк. Үстүбүздөгү жылы май өнүмдөрүн жеткирүү көлөмүн болжол менен дагы 40 пайызга
арттырып жатабыз. Башкача айтканда, 170 миңден ашык өнүм жеткирүүнү
мерчемдегенбиз.
Тулпар Мансуров,
кондитердик өнүмдөр фабрикасынын сатуу боюнча мүдүрү:
Кондитер
фабрикасы жылына 500 миң тоннадан ашык өнүм чыгарат. Анын 40%га жакыны чет мамлекеттерге жөнөтүлөт. Биздин экспорт
негизинен КМШнын бардык аймактарына, Кытайга, Монголияга жана Чыгыш Европага,
быйылкы жылдан баштап Кореяга багытталган. Бул дараметти жогорулатуу үчүн министрлик тарабынан
уюштурулган бардык чараларды колдон чыгарбоого аракет кылабыз. Биз жаңы
рынокторду жана чет элдик өнөктөштөрдү издеп, өнүмдөрүбүздү чет өлкөгө сатуу географиясын
кеңейтүүнү көздөп жатабыз.
Быйылкы
көргөзмөгө 69 өлкө жана 3000 компания катышты. Белгилей кетсек, акыркы 5 жылда
Кытайдын эл аралык импорт көргөзмөсүнө Казакстандан 133 компания катышып, анын
аркасында 260 миллион доллардан ашык кирешелүү экспорттук келишимдер түзүлгөн.
Которгон: Илгиз Жамалбеков