Экономикалык саясат боюнча кеңештин жыйыны өттү

Экономикалык саясат боюнча кеңештин жыйыны өттү

Макроэкономикалык саясаттын балансын жакшыртуу үчүн акча-насыя жана фискалдык саясаттын ортосундагы балансты камсыз кылуу. Анын жаңы ыкмалары Казакстандын Премьер-министри төрагалык кылган экономикалык саясат боюнча Кеңештин жыйынында каралды. Бүгүнкү күндө өлкөдө рыноктук механизмдерге таянуу менен мамлекеттик каржылардын туруктуулугун жана экономиканын өсүшүнүн сапатын жогорулатууга басым жасалууда. Ошону менен бирге кеңешмеде бюджеттик эрежелерди жана максаттуу багыттар тутумун сактоону институттук чыңдоо, экономиканы каржылоодо жеке сектордун ролун жогорулатуу, финансылык рынокто системалык тобокелдиктерди азайтуу боюнча сунуштар угулду.

Которгон: Илгиз Жамалбеков