Казакстандын эл аралык деңгээлдеги жетишкендиктери

Казакстандын эл аралык деңгээлдеги жетишкендиктери

Дүйнөлүк фестивалдар ассоциациясы уюштурган искусство сынагында баш байгени Ержан Максим алса, Алтынай Төлөген 2-орунду ээледи. Македониянын борборунда өткөн сынакка дүйнөнүн булуң-бурчунан эң беделдүү вокалдык сыйлыктардын 12 лауреаты жана жеңүүчүлөрү катышты. Ири иш-чаранын максаты - таланттуу жаштардын жетишкендиктерин даңазалоо, алардын чыгармачылыгын колдоо жана жайылтуу. Кийинки сынак баш оона айында өтөт.

Марьян Катароски, WAF дүйнөлүк фестивалдар бирикмесинин президенти:

- Сынакта ырчылардын керемет үндөрүн уктук. Казакстандан келген катышуучулар абдан таланттуу, мыкты экен. Ержан менен Алтынайдын үнүн угуп, калыс баабызды бердик. Келечекте чоң үмүт арттырат. Алдыда дагы бирикменин иш-чараларында жеңип чыгарына ишенем. Бул жолдо аларга ийгилик каалаймын.

Ержан Максим, сынактын жеңүүчүсү:

- Бүгүн биз Македониянын Скопье шаарында өткөн жалгыз Гран-приге ээ болдук. Бул жеңишти мен казак элине жана Казак улуттук искусство университетине арнайм. Чоң рахмат. Жеңишибиз менен куттуктайбыз! Урааа!!!!

Которгон: Илгиз Жамалбеков