Казакстан - Нидерландия өз ара пайдалуу кызматташууга багыт алды

Казакстан - Нидерландия өз ара пайдалуу кызматташууга багыт алды

Ата мекендик рыноктун дарамети, инвестициялык климат жана Жаңы Казакстандын чет өлкөлүк инвесторлорду мамлекеттик колдоонун чаралары. Кызматташуунун ушул жана башка багыттарын Казакстандын жана Нидерландиянын өкүлдөрү жолугушууда талкуулашты. Анда биздин өлкөнүн тышкы саясат мекемесинин вице-министри Роман Василенко, Казакстан эл аралык милдеттенмелерди аткарууга бекем тураарын жана чет өлкөлүк инвестицияларды тартууга кызыктар экенине ишендирди. Өз кезегинде нидерландиялык ишкерлер, айыл чарбасына жана «жашыл экономиканы» өнүктүрүүгө акча салууга даярдыгын билдиришти.

Роман Василенко, РК тышкы иштер министринин орун басары 

– Голландия, өзүнүн салыштырмалуу чакан өлчөмүнө карабастан, айыл чарба өнүмдөрүн экспорттоо боюнча дүйнөдөгү экинчи ири экспортчу өлкө болуп саналат. Алар биздин зор аймактарыбыз бар экенин жакшы түшүнүшөт. Бизде өз ара кызматташууга жана күнөсканаларды курууга жана жашылча-жемиштер менен картошканы өстүрүүгө мүмкүнчүлүктөрүбүз бар. Бул жолу голландиялык компаниялар буга чейин Казакстанда иштетип жаткан же ишке ашырууну каалаган так долбоорлор жөнүндө сүйлөштүк. Чет өлкөлүк инвестициялык коомчулук бүгүнкү күнү Казакстандын өкмөтүнүн кырдаалды турукташтыруу, туруктуу өсүштү камсыздоо жана инвестициялык климатты андан ары жакшыртуу боюнча кадамдарына абдан кылдат көз салып жатат. Ошон үчүн мындай диалог керек жана өз убагында жүргүзүлдү.

Эки өлкө ортосундагы товар жүгүртүү 2021-жылы 4,6 миллиард долларды түздү, бул мурдагы жылга караганда үч эсеге көп. Эске салсак, Нидерландия – биздин өлкөнүн эң ири чет элдик инвестору. 2005-жылдан бери ал өлкөдөн Казакстанга келген түз инвестициялардын көлөмү 103 миллиарддык көрсөткүчтөн ашты. Республикада 700 ашык компания голландиялыктардын катышуусу менен иштеп жатат. 

Хенк Нибор, ишкер, Нидерландиядагы РК ардактуу консулу:

– Биз келечектеги алакаларга оң көз караштабыз. Мен санкциялар боюнча адис эмесмин, бирок Казакстан сыяктуу мамлекеттерге таасирин тийгизе турган Орусияга каршы айрым чектөө чараларын көрүп турам. Эмне кыла алам, мен Нидерландиянын мамлекеттик жана саясий ишмерлерине, эгерде бир өлкөгө санкцияларды кабыл алышса, бул чыр-чатакка катышпаган башка өлкөлөргө дагы зыян келтирет деп айта алам. Азыр биз алдыдан чыккан шамалга туш келип жатабыз жана көптү өзгөртө албайбыз. Бирок биз өз ара байланышта иш жүргүзүп жана көйгөйлөрдү чечүнүн жалпы өңүттөрүн иштеп чыга алабыз.

Ал эми биздин мамлекеттин Тышкы иштер министрлигинин вице-министри өзүнүн нидерландиялык кесиптеши Тейст ван дер Плас менен өз ара биргелешкен аракеттерди БУУ, ЕККУ жана башка эл аралык уюмдардын алкагында чыңдоо чараларын талкуулашты. Тараптар парламент аралык диалогду жөнгө салууну улантууну макулдашты.