Казакстандын экономикасынын өсүшү 6,2% деңгээлине жетти

Казакстандын экономикасынын өсүшү 6,2% деңгээлине жетти

Казакстандын ИДӨмү 2025-жылдын алты айында 6,2%га өстү. Бул өлкөнүн экономикасынын акыркы 14 жылдагы эң жогорку өсүү көрсөткүчү. Бул тууралуу өкмөттүн кезектеги жыйынында премьер-министрдин орун басары — улуттук экономика министри билдирди. Серик Жумангариндин айтымында, экономиканын реалдуу сектору жана кызмат көрсөтүү чөйрөсү өсүштүн негизги булактары болуп саналат. Транспорт жана курулуш негизги кыймылдаткыч күчтөр болуп калды. Ошондой эле сооданын жандануусу байкалып, тоо-кен өнөр жайынын, кайра иштетүү секторунун өсүшү уланууда. Инвестицияларга келсек, 19%дан ашык өстү. Мында капиталдык салымдардын көлөмүнүн көбөйүшү келечектеги экономиканы түзгөн тармактарда - билим берүүдө, каржылык ишмердүүлүктө, саламаттыкты сактоодо байкалууда. 2025-жылдын беш айында тышкы соода жүгүртүүнүн көлөмү 53,5 миллиард долларга жетти. Мында экспорт 30 миллиард долларды түздү.

Серик Жумангарин, Премьер-министрдин орун басары, Улуттук экономика министри:

- Жаңы түшүмдөн алынган дан экспорту 35,2%га өсүп, дан жана ун эквивалентинде 11,8 миллион тоннага жетти.  Анын ичинде дандын таза экспорту 9 миллион тоннаны түздү –бул акыркы 13 жылдагы эң жогорку көрсөткүч. Экспорттун негизги багыттары Өзбекстан, Тажикстан болуп, Иран жана Азербайжандын рыногуна кайтып келдик.

Ошол эле учурда өкмөт экономиканын мындан аркы өсүшүнө түрткү берүү багыттарын белгиледи. Алар: мунайды кайра иштетүү, металлургияны жаңвлоо, турак жай-коммуналдык чарбанын инфраструктурасын жаңылоо, электр энергетикасы, айыл чарбасы жана минералдык-чийки зат базасын, анын ичинде сейрек кездешүүчү металлдарды көбөйтүү. Ошондой эле мунай-газ химиясын, автоунаа жасоону, темир жол машиналарын курууну, жер семирткичтерди өндүрүүнү өнүктүрүүдө чоң мүмкүнчүлүктөр бар. Өкмөттүн жыйынынын жыйынтыгы боюнча брифингде Премьер-министр Олжас Бектенов белгилегендей, мамлекет башчысы тарабынан Казакстандын ИДӨмүн 2029-жылга чейин 450 миллиард долларга чейин көбөйтүү боюнча коюлган милдет – дымактуу, бирок толук ишке ашчу максат.

Олжас Бектенов, Казакстандын Премьер-минстри:

- Былтыр биздин ИДӨнүн көлөмү 286 миллиард долларды түздү. Экономиканын өсүү көрсөткүчтөрүн эске алуу менен, быйыл 300 миллиард долларлык чектен өтүүнү көздөп жатабыз. Ал эми кийинки жылдары экономикалык өсүштү камсыз кылсак, 450 миллиард долларлык көрсөткүчкө жетүүгө толук мүмкүнчүлүгүбүз бар. Бул үчүн өлкөнүн өнөр жай дараметин өнүктүрүү, экономиканы ар тараптандыруу  боюнча чоң иштер жүргүзүлүүдө. «Байтерек» холдинги аркылуу ири программа ишке киргизилип, ал экономикага кошумча 8 триллион теңгеге жакын инвестиция тартууга мүмкүндүк берет. Планда 1,5 триллион теңгеге 190 өнөр жай долбоорун ишке киргизүү каралган.

Которгон: Илгиз Жамалбеков